Ulukmanapo
Рух (Spirit)
[Текст песни «Рух»]

[Киришүү]
Жайдын бир гана толук, ай
Кезинде, ай

[1-куплет: 7Gen]
Жер титирегенде, суу каптаганда
Ар бирибиз кадимкидей пенде, адамгерчилик — эң башкы тамга, деп
Эскерүү келип турганда (Эскерүү келип турганда)
Аң сезимди оң бурганга (Аң сезимди оң бурганга)
Сенин көздөрүң ачылат, өзгөрүү тамчылап
Эң биринчи суусап, маданият, табият
Кайсыл катарда болоруңду танда, кайсыл сапаттар жоголуп адамда
Адаттагыдай оролуп арамга, баратабыз айла жоктой акыр заманга?
Биз даяр болгондой
Бир өмүрдү толук колдонбой
Адашабыз чие жолдордой, өнүгүүсү жок-жок долбоордой
Өзүбүз өзүбүздөн коргонбой

[Кайырма]
Алгалай бер, кыргыз эл
Азаттыктын жолунда
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда
[2-куплет: Ulukmanapo]
Мен бир дегенде, көз ачтым, эки дегенде, сүйлөдүм
Үчкө жетээр менен чачтым кызыктуу тарыхты дүйнөнүн
Ар бир тилектен бир бата, жаш зиректен бир бата
Тынчтык үчүн гана асманга замбиректер атат
Биздин аталар үчүн, у, апалар үчүн, у
Өнүгүп өскөнгө себеп болгон каталар үчүн
Мен Барсбектин уулумун, кылым каарыткан улутум
Кыргыздар ууругум, күнүмдү тоспойт булутуң
«Неге?» — десең, десең, десең
Менде эркин жүрөк согот, билбесең
Мен Барсбектин уулумун, кылым каарыткан улутум
Кыргыздар ууругум, күнүмдү тоспойт булутуң

[Бридж]
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда

[Кайырма]
Алгалай бер, кыргыз эл
Азаттыктын жолунда
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңда